Кабарлар 6 лет назад
admin Verified #press

Чыныбай Турсунбеков: Кыргызстан – көп улуттуу өлкө. СДПК ошол байлыкты сактайт

“Кыргызстан көп улуттуу мамлекет. Бул биздин байлыгыбыз. Ошону жоготуп албай, кайра байытуу керек. СДПК шайлоого баратып, Кыргызстандагы бардык этникалык топтун кызыкчылыгын эске алат”, - деди СДПК партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыныбай Турсунбеков Ош шаарында. Анын айтымында Социал-демократиялык партияны Кыргызстандагы бардык улуттун өкүлдөрү колдойт. “Биз өлкөнүн келечеги үчүн жан дүйнөсү менен күйүп, аны ак эмгеги жана биримдиги аркылуу далилдеген адамдар менен баратабыз. Биздин мындан аркы келечегибизди 4-октябрь чечет”, - деп белгиледи Ч.Турсунбеков. Депутаттыкка талапкер андан кийин Ош шаарынын жашоочуларын газ берилбей жаткан мезгилде бул маселеге сабырдуулук менен мамиле жасашкандыгына ыраазылык билдирди. “Ош шаарынын жашоочулары мекенчил экендигине биз дагы бир ирет ынанып олтурабыз. Буга кошуна өлкө Кыргызстанга көгүлтүр отту берүүнү токтотуп койгон өткөн жылы күбө. Сиздер буга түшүнүү менен карап, сабырдуулукту көрсөттүңүздөр. Бүгүн үйүңүздөрдө көгүлтүр от жанып турат. Дүйнөлүк инвестор өлкөбүздүн калкын газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу милдетин алды”, - деди Ч.Турсунбеков

Нету похожих статьей