Кабарлар 6 лет назад

Ошто 20 миңден ашык бала мектеп босогосун аттады (Сүрөт)

1-сентябрь билим күнүнө карата Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев Жолон Мамытов атындагы орто мектебине барды. “Бүгүнкү күнү шаар боюнча 21100 бала мектептин босогосун жаңыдан аттап отурат. Алардын тагдыры, келечеги мугалимдердин колунда. Бүгүн балдарга кандай тарбия-таалим берсек, эртеңошого жараша калыптанат. Ошондуктан тажрыйбалуу мугалимдер менен катар жаш, жаңычыл мугалимдер эриш-аркак эмгектенип, балдарга терең билим, татыктуу тарбия берүү абзел”, - деди А. Кадырбаев. Андан соң, мектептин 11-класстын окуучуларын жаңы окуу жылынын биринчи сабагын калаа башчысы өттү. Аларга шаарда болуп жаткан өзгөрүштөр, кесип тандоо боюнча айтып берди. Эске сала кетсек, Ош шаарында 53 мамлекеттик мектепте 56 миң 660 окуучу билим алат.

Нету похожих статьей