Кабарлар 6 лет назад

Эгемендүүлүк күнүнө карата Ошто өткөрүлгөн иш чарадан сүрөтбаян

Бүгүн, 31-августта Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 24 жылдыгы белгиленди. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө А. Кадырбаев Ош шаарынынтургундарын жана меймандарын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз эли эркиндик духун өчүрбөй, азаттыкка жетип олтурат. Ош — кыргыз тарыхынын ордосу, куттуу жер. Ош шаарынын өндүрүш тармагы күн сайын өсүп жатат. Мындан ары да шаардын эли эркиндиктикте, тынчтык ынтымактуулукта бейпил турмуш кечирүүсү үчүн баардык иш аракеттер жүргүзүлөт» - деди А. Кадырбаев. Салтанаттуу иш чаранын алкагында,еатралдаштырылган оюн зооктор көрсөтүлүп, Кыргыз тарыхында из калтырган чыгаан инсандардын кылган эмгектерин чагылдырган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Мындан сырткары бүгүн шаардагы Токтогул жана Навои атынданы эс алуу жайларында спортук мелдештер өткөзүлөт. Ал эми кечки саат 20:00дө премьер-министрдин катышуусунда Ата Түрк эс алуу багынын ачылышы болот. Борбордук аянтта болсо саат 19:00дөн баштап жаштар үчүн бий кечеси уюштурулат. Ага Кыргызстандын эстрада жылдыздары катышат.

Нету похожих статьей