Кабарлар 6 лет назад

Оштогу жеке менчик автобекет шаар сыртындагы мамлекеттик автобекетке көчүрүлдү

Бүгүн 25-августтан тарта Ош шаарынын борборунда жайгашкан жеке менчик автобекет шаар сыртындагы мамлекеттик автобекетке көчүрүлдү. Бул тууралуу,Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди. Мындан ары Ош шаарынан 18 кичи маршруттук каттам, 2 тролейбустук линия жана №2 автобусттук каттамдар калаанын четине чыгарылган №2 мамлекеттик автобекет аркылуу өтөт. Ош шаарынын А. Масалиев проспектиси, И. Раззаков жана Салиева көчөлөрү аркылуу келип, Манас Ата аймактык кеңешине токтогон маршруттардын линиялары толугу менен №2 жаңы автобекетке чейин узартылды. Ал эми, Ленин көчөсү аркылуу келген маршруттук каттамдарга дагы кошумча жүргүнчүлөрдү ташуучу линиялар уюштурулууда. №2 автобус, жана №1 троллейбустук каттамдар да мындан ары Жаңы автобекет аркылуу өтмөкчү. Бүгүнтөн баштап бул кезге чейин токтоп калган №2 троллейбустук линия да иштей баштады. Бул кезге чейин жаңы автобекет аркылуу тогуз маршруттук каттам болгон болсо, мындан ары дагы тогуз каттам кошулуп, жалпысынан 18 маршруттук каттам кошумча иштей баштады.

Нету похожих статьей