Кабарлар 6 лет назад

Кадамжайда 2 адам күйдүргү оорусуна шектелүүдө

Баткендин Кадамжай районундагы Халмион айыл аймагында күйдүргү дартына шектелип, аймактык ооруканага жаткырылганын ӨКМ билдирет. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-августунда Чекелик айылынын тургуну Исмат Алибаев талаада Наргиза Мойдунованын торпогун союшкан. Алты күндөн кийин дарыгерлерге кайрылып, райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Ош шаардык санэпидемкөзөмөл борбору анализдер боюнча \"күйдүргү\" деген корутунду чыгарган. Ветеринардык кызматтын адистеринин корутундусу бүгүн, 25-августта чыгат. Ушу тапта оорулуулардын абалы жакшы, дарылануудан өтүп жатышат. Оорунун очогунда дарттын жайылышынын алдын алуу, эпидемиялык иликтөө иштери улантылууда. Жергиликтүү элдин арасында \"күйдүргү\" боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Нету похожих статьей