Кабарлар 6 лет назад

Ошто жүргүнчүлөрдү тейлөө мамлекеттик автобекет тарабынан жүргүзүлөт

25-август таңкы саат 6дан тартып Ош шаарында шаарлар, райондор жана облустар аралык жүргүнчүлөрдү тейлөө шаардын түндүк тарабында жайгашкан №2 мамлекеттик автобекет тарабынан жүргүзүлөт.Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Ош шаардык мэриясында өткөн жыйында вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулунун айтымында, шаар ичиндеги автотыгындарды жөнгө салуунун же чечүүнүн бирден бир жолу шаардын сыртынан келген маршруттук каттамдарды, таксилерди бир жайга жайгаштыруу болуп саналат. Бул максатта жүргүнчүлөрдү ташууну үзгүлтүккө учуратпоо жана сапатуу, маданияттуу тейлөө багытында иш-аракеттер жасалып, каттамдардын схемалары такталган. Учурда №2-мамлекеттик автобекет өз жүргүнчүлөрүн тейлөөгө даяр. \"Шаарда буга чейин башаламан жайгашкан 8 жерде жүргүнчүлөрдү ташуу жүргүзүлүп келген.Эртеңден тарта мындай иретсиз иштерге жол берилбейт. Шаардын батыш тарабынан 15, чыгыш тарабынан 29 багыт боюнча марштруттук катамдар мамлекеттик автобекет тарабынан 13 чекит аркылуу тейленүүгө тийиш. Кошумча 9 маршруттук каттам уюштурулган. \"Базар-Автовокзал\" маршруту да ачылган. Сырттан келгендерге көйгөй жаралбайт- деди мэр А.Кадырбаев. \"Автобекетти жылдыруу менен шаардыктардын жана шаарыбыздын конокторунун кызыкчылыгы корголуп жатат. Андыктан шаардык күч түзүмдүрүнүн жана тиешелүү мекемелердин жетекчилерин бул маанилүү иш-чараны мыйзам чегинде уюштурууга жана көмөктөшүүгө милдеттендиремин. Бул иш-аракет өз деңгээлинде аткарылууга тийиш. Жалпы шаардын кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан мэриянын иш-чарасына бут тосуучулар болсо мыйзам чегинде чаралар көрүлсүн\"-деп эскертти шаар башчысы. Эске салсак, шаардын чок ортосунда жайгашкан автобекетти шаардын сыртына, мамлекеттик автобекетке жылдыруу чарасы буга чейин 8 ирет көрүлгөн менен майнап чыккан эмес. №2 жаңы автобекеттин жалпы аянты 4 га жерди ээлейт. Жаңы автобекетке жалпысынан 1500 кичи автобустар, 4000ден ашуун ар кандай жеңил унаалар батат. Аталган автобекетте бир эле мезгилде 500 жүргүнчүнү тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Нету похожих статьей