Кабарлар 6 лет назад

Ош шаарында 4 эс алуу багы пайдаланууга берилет (СҮРӨТ)

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев союз мезгилинен бери кароосуз калып кеткен эс алуу бактардын оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты. Токтогул атындагы эс алуу багынын айланынасын көрктөндүрүү жана ландшафтык зона түзүү иштеринин жүрүшү менен таанышуу мезгилинде бактын ичиндеги жолдорго толугу менен табигый таш тизип чыгуу сунушу айтылды. Ал эми шаардын так ортосунда жайгашкан, Токтогул Сатылганов атындагы китепкананын айланысындагы эс алуу багын калыбына келтирүү иштери аяктап, гүлдөрдү отургузуу иштери жүрүп жатат. Ош шаарынын мэри сейил бактардын абалы менен таанышуу учурунда билдиргендей, быйылкы жылы шаар боюнча жалпысынан кароосуз калган төрт эс алуу багы оңдолууда. “Манас Ата аймактык кеңешиндеги Семетей кинотератрынын алдындагы эс алуу багы, Черемушка кичи районундагы эс алуу бактарын бүгүнкү күндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Ал эми, Киргизия кинотеарынын алдындагы эки сейил багын оңдоо иштерин баштоо алдында турат. Сатылганов атындагы борбордук китепкананын алдындагы сейил багы болсо Эл аралык толлеранттуулук фонду менен биргеликте оңдолуп бүттү. Бул жерге жалпысынан 1 млн 900 миң сом акча каражаты жумшалды”, - деди А. Кадырбаев.

Нету похожих статьей