Кабарлар 6 лет назад

Оштон ажылыкка аттангандарга атайын даярдалган кийимдер берилди (Сүрөт)

Ош шаарынын борбордук «Сулайман Тоо» мечитинде 2015-жылы Ош шаарынан ажылык сапарына жөнөп жаткан ажыларга КМДБ тарабынан атайын даярдалган формалар, китептер, сумкалар таратылып берилди. Бул туурасында шаардык казыяттын басма сөз катчысы Азиз Абдурахманов маалымдады.Иш чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаарынын вице-мэри Эргешов Илич, жергиликтүү ЖМКлар, казыят кызматкерлери, ажы башчылар жана жалпы ажыга баруучулар катышышты.Ажыларга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан бекитилген ажы башчыларды тааныштырып, жалпы ажыларды 4 топко бөлүп, ажы башчыларга тапшырышты.Эскерте кетсек, зыяратчыларга окуу буга чейин 6 жолу сабак өтүлүп, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ажылыктын шарттарын, жол жобосун түшүндүрүү менен бирге ихрамды байлоонун эрежелерин талыкпастан түшүндүрүп берди.

Нету похожих статьей