Кабарлар 6 лет назад

Ош облусунун казысы кызматынан бошотулду

Ош облусунун мусулмандар казысы Ниязали ажы Арипов өз арызы менен кызматынан бошотулду. Ал 2014-жылдын январь айынан баштап Ош облусунун казылык кызматын аркалап келген. Тийиштүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи 2015-жылдын 14-августунда кол койду. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынан маалымдашты. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругу менен Ош облусунун мусулмандар казысынын милдетин аткаруучу болуп Имамаззам ажы Боронов дайындалды. Имамаззам Боронов Египеттеги “Аль-Азхар” университетин жана Кыргызстан Ислам университетин бүтүргөн. Ал бугу чейин Ош облусунун казысынын орун басары болуп иштеп келген. Ош облусунун казысы облустагы 822 мечитке жетекчилик кылмакчы. Эскерте кетсек, 2015-жылдын июнь айында Муфтияттын атесстациялык комиссиясы тарабынан Ош облусунун казылык кызмат ордуна конкурс жарыяланган. Азыркы күндө 2 талапкер катталып, сынактан өтүү алдында турушат.

Нету похожих статьей