Кабарлар 6 лет назад

Таласта кыз-келиндер арасында \"Куран\" конкурсу өткөрүлдү

Талас шаарындагы \"Али ибн Аби Талиб\" атындагы ислам медресесинде кыз-келиндер арасында Куран конкурсу болуп өттө. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз катчысы Нуржан Мамазалиев маалымдады.«Жалпысынан конкурска жыйырмадан ашуун кыз-келиндер катышты. Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышып, катышуучулар мындай сынактар тез-тезден уюштурулса деген пикирлерин билдиришти»,-деди Мамазалиев.Эскерте кетсек, кыз-келиндер арасында өткөн Куран конкурсу «Search for common ground», «Мутакаллим» фондунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жана Талас облусунун мусулмандар казыяты тарабынан уюштурулган.

Нету похожих статьей