Кабарлар 6 лет назад

Т.Сариев: \"Бийик тоолуу, шарты катаал Нарын облусу үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген окуу жайдын курулушунун мааниси чоң\"

14-августта, Премьер-министр Темир Сариев Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Нарын шаарында Ага Хан эл аралык түйуүнү куруп жаткан Борбор Азия университетинин имаратынын курулушунун жүрүшуү менен таанышты. Премьер-министр бул окуу жайдын Нарын шаары үчүн эле эмес, жалпы өлкө үчүн мааниси жогору экенин белгиледи. «Бийик тоолуу, шарты катаал Нарын облусу үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген окуу жайдын курулуп жатканынын мааниси абдан чоң. Окуу жайдын имаратынын курулушу бүтсө, аймактын өнүгүшүнө түрткү болот. Университет бүткөн соң Кыргызстандын бардык аймактары менен катар Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн студенттер келип, билим алышат. Долбоор алкагында келечекке өтө алдыга кароо ишке ашырууда»-деди Темир Сариев. Премьер-министр аталган түйүн аймакта бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгилеп, түйүн ишке ашырган айыл тургундарын кичи жана орто бизнеске үйрөткөн долбоорду колдоого алаарлык деп белгиледи. 2008-жылы курулушу башталганНарын шаарындагы Борбор Азия Университетинин курулушу аяктоо алдында, 2016-жылдан тарта студенттерди кабыл ала баштайт.Ага Хан эл аралык түйүнү академиялык шаарчада 1200дөн ашык студент жашап, эл аралык деңгээлдеги билим бермекчи. Муну менен катар Ага Хан Өнүктүрүү түйүнү билим берүү багытында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу планы бар экенин кошумчалады.

Нету похожих статьей