Кабарлар 6 лет назад

Кадырбаев: “ Ош шаарынын эли шалаакы жетекчилердин айынан суукта калбашы керек”

“Былтыркы жылы Жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы Ош шаарына кыянаттык кылып ушул отканага келүүчү 25 миңдик көмөк чордонун башка жакка жылдырып жиберген. Анын айынан өткөн жылытуу мезгилинде бир топ кыйынчылыктар болгон эле. Быйылкы жылы да андай маселе кайталанбасы үчүн азыртадан эскертип коеюн. Ош шаарынын эли шалаакы жетекчилердин айынан суукта калбашы керек”, - деди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардын \"Жылуулук камсыздоо\" муниципалдык ишканасынын отканаларынын 2015-2016-жылдардагы күзгү—кышкы жылытуу мезгилине карата даярдык иштеринин жүрүшүн текшерүү учурунда. Бул тууралуу,Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ал эми ишкананын отканалары быйылкы кыш мезгилинде 70% даяр экендигин аталган ишкананын жетекчиси Рысбек Нурдинов айтты. Текшерүүнүн жүрүшүндө А. Кадырбаев Керме— Тоо аймактык кеңешиндеги \"Көкүмбий\", “Анар-1” отканаларынын абалы менен таанышты. “Көкүмбий” отканасы электрдик жана көмүр менен иштегендиктен, бардык жабдуулары бир катар оңдоп түзөөөдөн өткөрүлүп, кышкы жылытуу мезгилине толук кандуу даярдалып коюлган. Ал эми “Анар-1” отканасы электрдик мештер менен иштегендиктен жылытуу мезгилинде үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздап берүүнү Ош шаарынын мэри тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. Андан ары шаардагы бардык отканалардын кышка даярдыгы менен таанышып, бул убакка чейин келтирилген кээ бир кемчиликтерди жоюуну тиешелүү жетекчилерге тапшырды. “Ош шаары 2015-2016-жылдарга күзгү кышкы даярдоо мезгилине азыркы учурда кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө Ош шаардык “Жылуулуккамсыздоо” ишканасына караштуу 63 откана бар. Аларга быйылкы жылытуу мезгилине керектелүүчү 9600 тонна көмүр сатып алынууда”, - деди А. Кадырбаев.

Нету похожих статьей