Кабарлар 6 лет назад

Премьер-министр ИИМ менен Э.Каптагаевге Ысык-Көлдөгү жаңжалды тез аранын ичинде чечүү тапшырмасын берди

Премьер-министр Темир Сариев Ысык-Көлдө чыккан жаңжалды көзөмөлгө аып жанан анын чыгуу себептерин аныктоо тапшырмасын Ички иштер министрлигине тапшырды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Мындан сырткары, Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарымдуу өкүлү Эмилбек Каптагаевге жаңжал чыккан жерге жетип баруу тапшырмасы берилди. Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусундагы Орукту айылынын тургундары жеке менчик пансионатка өрт салышкан. \"Болжол менен саат 10.00дө жергиликтүү тургундар жеке менчик пансионатка сууга түшүүгө барышкан. Бирок пансионаттын администрациясы аларды киргизген эмес. Чатактын маалында күзөт кызматкерлери 25 жаштагы жергиликтүү тургунду сабап, ал алган жаракатынын улам көз жумду. Эми анын айылдаштары - миңдей адам Өрүктү айылындагы \"Керемет суу\" минералдык булагынын жанына курулган пансионаттын курулуштарына келип баарын талкалап салышкандыгы маалым болду.

Нету похожих статьей