Кабарлар 6 лет назад

ММК: Тяньцзинде катуу жарылуудан бир нече адам каза болуп, жабыркагандардын саны 400дөн ашты

Кытайдын түндүгүндө жайгашкан Тяньцзинь шаарындагы күйүүчү май сакталган жайда эки жолу жарылуу болду. Андан каза болгондордун саны 17ге жетип, 400 киши жарадар болгон. Учурда алардын 32си оор абалда деп маалымдайт ТАСС агенттиги. КЭР төрагасы Си Цзиньпин жергиликтүү бийликке кырсыктан жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүүсүн жана өз көзөмөлүнө алганын айтты. Маалыматка ылайык, жарылуу “Жуйхай” компаниясынын складында болгон. Кырсыктын себептери аныктала элек.

Нету похожих статьей