Кабарлар 6 лет назад

Ош шаарына Кытай жаңы консулун дайындады

Ош мэри Айтмамат Кадырбаев шаарга жаңы дайындалган Кытайдын консулу Сун Лицюнь менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясы билдирди. Мэр Кадырбаев дипломатиялык миссиянын өкүлүнө Ош шаары туурасында маалымат берип, анын өзгөчөлүктөрүн, андан сырткары өнөр жай тармагы жөнүндө айтып берди. Эки тарап соода, өнөр жай жана биргелешкен жаңы өндүрүштүк ишканалардыачуу мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөштү. Андан сырткары маданий байланыштарды өнүктүрүү боюнча макулдашуу болду.

Нету похожих статьей