Кабарлар 6 лет назад

Билим берүү министри Э.Сариева мугалимдердин айлыгын жана адискөйлүгүн кандайча көтөрө тургандыгын айтып берди

Бүгүн, 12-августта КРнын билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Талас облусунун жашоочулары менен билим берүүгө жаңылык киргизүү маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Пландуу көчмө иш сапардын алкагында министр мектептерге жана бала бакчаларга барды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аксай айылындагы мектепте коомдук кабыл алуу болуп, анда министр жарандарды кызыктырган бир катар суроолорго жооп берди. Калктын басымдуу бөлүгү жаңы окуу жылынын башталышына даярдык иштерге байланыштуу маселелер тынчсыздандырып жатканы белгилүү болду. Мектепке чейинки балдардын ата-энелери вариативдик бала бакчалары тууралуу жаңычылдыктар жөнүндө кызыгып, суроо узатышты. Министр бардык балдар 1-сентябрдан баштап май айына чейин 5,5-7 жашка чейинки балдар мектепке чейинки даярдыктан өтүшү керек деп белгиледи. Аталган мектепке чейинки даярдыкты жайылтуунун максаты балдарга бирдиктүү билим берүү программасы боюнча билим берүү болуп саналат. Ошондой эле, педагогдордун суроосуна жооп берип жатып, министр мектеп кызматкерлеринин айлык акысы кандайча көтөрүлөрү жана даярдыктарды жакшыртуу пландары жана мектеп мугалимдеринин адискөйлүгүн көтөрүү тууралуу пландарды айтып берди. Эскерте кетсек, министрдин пландык иш сапарлары КРнын премьер-министринин тапшырмасы боюнча өлкөнүн облустарында жана аймактарында өткөрүлүп жатат.

Нету похожих статьей