Кабарлар 6 лет назад

Ошто Манас Ата аймагынын тургундары түтүнү ууланткан кытай ишканасы көчүрүлбөсө митингге чыгышат (СҮРӨТ)

Ош шаарынын Манас Ата кичи районунун жашоочулары кытай ишканасынын ишин токтотуу талабын коюп, токтотпосо радикалдуу кадамга бара тургандыктарын эскертип жергиликтүү бийликке кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу \"Кабарлардын\" кабарчысына аталган аймактын жашоочусу Данакан Ахмедова билдирди. Анын айтымында, калаанын ХБК аймагында жашаган эли бир ууч топтун жеке кызыкчылыгынын курмандыгы болууда. \"Пазылов Мениш аттуу ишкер жана Кытай мамлекетинин өкүлдөрү мурдагы кездеме чыгаруучу комбинаттын (ХБК) аймагына темир ээритүүчү, даараткана кагазын чыгаруучу цехтерди куруп алып, биздин өмүрүбүзгө коркунуч жаратууда. Цехтерден чыккан уулуу заттар капкара түтүн болуп баарыбызды тумчуктуруп, ден соолубузга абдан чоң зыянын тийгизип жатат. Биздин жашообузду түйшүккө салган мындай бейбаштыкка чек кое турган жан барбы? Же шаардык бийлик саясат менен гана алпурушуп, элдин жашоо турмушун унутуп коюшканбы? Биздин чыдамыбыз жете турган чегине жетти! Ушунчалык ызага батканыбыз үчүн мындан кийин кадамыбыз радикалдуу болмокчу! Биздин Конститутциялык укугубузду, саламаттыгыбызды бийлик коргоп бере албаса, бизде башка жолубуз калбады\" деп жазылган кайрылууда. Кайрылуу ээлери жергиликтүү бийликтен алардын өмүрүнө коркунуч жаратып жаткан мыйзамсыз ишканаларды тез арада токтотуп, жаап, башка жакка көчүртүп берүүнү суранган. \"Эгерде биздин талаптар 15-августка чейин аткарылбаса, жергиликтүү бийлик бир ууч топ менен чогуу экен деп тааныйбыз жана борбордук аянтка митингке чыгып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Президентке жана жалпы коомчулукка кайрылабыз\" дейт Манас Ата кичирайонунун жашоочулары. Кайрылуу калаа башчысы А.Кадырбаевге, Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Б.У.Примовго, ИИМнин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы С.Өмүрзаковго, Ош шаарынын прокурору А.Шакир уулуна, УКМКнын Оштогу башкы башкармалыгына, КРнын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясына жолдонуп, ага 50дөй жашоочу кол койгон.

Нету похожих статьей