Кабарлар 6 лет назад

Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн короолору тазаланууда

Ош шаарында 250дөн ашуун көп кабаттуу үйлөрдүн короолору тазаланды. \"Ынтымак\" коомдук регионалдык телерадиокомпаниясынын расмий сайтында жазылгандай, тазалоо иштерине 50 жумушчу тартылып, биринчи топ 122 үйдүн, экинчилери 135 көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун күн сайын тазалашат. Бул иштер «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы тарабынан ишке кирген «Таза короо» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат. Мекеме жетекчиси Талантбек Капаровдун айтымында, үйлөрдүн короолорун тазалоо жумуштарына жашоочулар акы төлөбөйт. Жумушчулардын маянасы «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы тарабынан каржыланат. Жакынкы убактарда шаардын баардык аймагындагы короолорду тазалоого аракеттер көрүлүп жатат.

Нету похожих статьей