Кабарлар 6 лет назад

Алайдын Сары Моголунда төрөткана жабылып, келиндер жолдо төрөгөн учурлар катталууда (СҮРӨТ)

Ош облусундагы Алай районунун Сары Могол айылындагы чакан оорукананын төрөт бөлүмү акушер гинекологдун жоктугунан улам жабылып калган. Андан бери 3 ай өттү. Бирок, кайра аталган бөлүм ачылып иштей элек. Бул тууралуу Сары Могол айылынын жашоочулары \"Кабарлар\" маалымат агенттигинин аймактыккабарчысына билдирди.Айылдык ооруканада көп жылдан бери иштеген улуу медайым Татьяна Абдрахманованын айтымында, ал акушер гинекологдун билими жок болгонуна карабастан төрөт бөлүмүндө төрөт кабыл алып иштеп келген. \"Айына 10-12 төрөт кабыл алчубуз. Жылына 90го жакын наристе төрөлөт. Учурда гинеколог адис жок деген жүйөө менен төрөт бөлүмү жабылып, келиндерди район борборуна жөнөтүп жатабыз\" дейт. Айыл жашоочуларынын айтымында, айрым келиндер 130 чакырым алыстыктагы район борбору Гүлчөдөгү ооруканага жетпей жолдо төрөгөн учурлар да катталып жатат.Ал эми айрым оор делинген төрөттөрдү облус борборуна жиберишет. \"Келин кесекти Ошко айдап жатат. Менин келиним жакында төрөйт. Аны Ош шаарына жөнөтүшүм керек. Жалгыз жибере албайм. Жанында сөзсүз бирөө болушу керек. Ага дары дармек керек. Тамак жеткирип турушубуз керек. Алыскы жолдо биз үчүн кыйын эле болуп жатат. Шарты жокторго кыйын. Акчасы жоктор эмне кылат?\" дейт Сары Могол айылынын тургуну Орозгүл Пирмамбетова. Алай районунун акими Таалай Сарыбашовдун айтымында, районго караштуу ооруканалардагы төрөт бөлүмдөрү акушер гинекологдордун жетишсиздигинен улам Саламаттыктын Сактоо министрлигинин буйругу менен жабылып калган.Төрөт бөлүмү жабылып калган оорукана бир гана Сары Могол айылында эмес, Алайдагы дагы бир катар айыл өкмөттөрдө бар.

Нету похожих статьей