Кабарлар 6 лет назад

Ошто \"Ислам өнүктүрүү борборунун\" имараты курула баштады (СҮРӨТ)

Ош облусунда Ислам өнүктүрүү борборунун имараты курула баштады. Аталган имарат Ош облусунун казыятынын демилгеси жана Муфтияттын жардамы менен курулат. Имараттын пайдубалына капсула коюу аземине Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбеков жана Ош облусунун казысы Ниязалы ажы Арипов жергиликтүү тургундар катышты. Жарандарга ислам дини туурасында туура жана так маалымат жеткирүүдө бул борбордун салымы чон дешет дин өкүлдөрү. Ошондой эле үч кабаттан туруп заманбап бардык шарттары менен курула турган турган ислам өнүктүрүү мекемесинде китепкана, жыйындар залы, жатакана жана облустук казыяттын кызматкерлери үчүн иш бөлмөлөр орун алат. \"Курулуш иштери 2015-жылдын февраль айларына бүткөрүлүүсү пландаштырылууда\" дейт Н.Арипов.Курулуш иштерине жалпы 30 млн сом сарпталат жана ал Муфтият, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосунда бүткөрүлөт.

Нету похожих статьей