Кабарлар 6 лет назад

Ош мэриясынын мыйзамсыз жер бөлүп бергендиги аныкталды

Ош шаардык прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 304 (Кызмат абалынан пайдалануу) жана 305-2 (КРнын жер мыйзамын бузуу) беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча 2 кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаарынын мэриясынын 2009-жылы 25-сентябрдагы токтому менен №69 бала бакчага мөөнөтсүз пайдаланууга аянты 11 950 квадрат метр болгон жер берилген жана 2009-жылы 6-ноябрда жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун негизинде жерге орноштуруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча Ош шаардык башкармалыгы тарабынан жогорудагы көрсөтүлгөн жер участогуна мөөнөтсүз пайдалануу укугу тууралуу мамлекеттик акт берилгени аныкталды. Бирок, бала бакчанын жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтынан Ош шаардык мэриясынын 2011-жылы 7-октябрындагы токтому менен А.А.га жеке менчикке 120 квадрат метр берилген жана мэриянын 2013-жылы 18-февралындагы токтому менен А.Н.га жеке менчикке 500 квадрат метр жер бөлүнүп берилген. Өз кезегинде жерге орноштуруу боюнча шаардык башкармалыктын жооптуу кызматкери, ошондой эле шаардык архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкери аталган жер участкаларына уруксат документ берген. Учурда аталган кылмыш иштери боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Нету похожих статьей