Кабарлар 6 лет назад

Оштун Пятилетка айылында 120 орундуу балдар бакчасы курулат (Сүрөт)

Ош шаарынын Пятилетка айылында 120 орундуу бала бакча курулат. Шаардык мэриядан кабарлашкандай, кечээ, анын курулушуна капсула салуу аземи болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Пятилетка айылынын тургундары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Курулуп жаткан балдар бакчасы эки кабаттан турган жалпы аянты 1225м.квты түзөт. Анда заманбап жуунуучу, уктоочу жана эс алуучу бөлмөлөр курулат. Каржылоо Республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 2016-жылга бүткөрүү пландаштырылган.

Нету похожих статьей