Кабарлар 6 лет назад

Жолдошов: “Эскертүү аткарылбаса, курулуштарды бузуу чаралары көрүлөт”

Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы 2014-жыл ичинде жана 2015-жылдын I-II кварталындагы Ош шаарынын аймагындагы мыйзамсыз орнотулган жеңил типтеги курулмаларга, мыйзамсыз курулуштарга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү улантууда”-деди “Кабар” агенттигине аталган мекеменин башчысы Ажимурат Жолдошов Анын айтымында, башкармалык тарабынан Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз орнотулган жеңил конструкциядагы соода павильондорунун жана мыйзамсыз капиталдык курулуштардын жана профилин өзгөрткөн обьекттердин ээлерине курулушту токтотуу, бузуу, алып салуу боюнча эскертме кагаздары берилип, Муниципалдык менчик башкармалыгына жана Ош шаары боюнча мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына чара көрүү жагы маалымдалды. “Коргон-Төбө көчөсүндөгү 21 даана, “Амир-Темур” аймактык кеңешиндеги 138 даана, “Манас-Ата” аймактык кеңешиндеги 48 даана, “Алымбек -Датка” аймактык кеңешиндеги 21 даана, “Курманжан -Датка” аймактык кеңешиндеги 13 даана, “Туран” аймактык кеңешиндеги 12 даана, Ленин көчөсүндөгү 3 даана, Курманжан Датка көчөсүндөгү 1 даана мыйзамсыз курулган жеңил конструкциядагы соода павильондорунун ээлерине курулмаларды алып салуу боюнча эскертме кагаздары берилди. Биздин өтүнүч аткарылбай турган болсо, Муниципалдык менчик башкармалыгы жана Экологиялык, техникалык коопсуздук инспекциясы менен биргеликте курулмаларды бузуу чаралары көрүлөт”-деп айтты А. Жолдошов. Эскерте кетсек, Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз курулуштар көбөйүп кеткендиги жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган.

Нету похожих статьей