Кабарлар 6 лет назад

Оштон Тажикстандагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Бүгүн 8-августта Ош шаарынан беш оор жүк ташуучу унаа менен 109 тонна гуманаитардык жардам Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан аймагында селден жабыргандарга жөнөтүлдү. Ош шаарынын биринчи-вице мэри Замир Аскаров билдиргендей гуманитардык жардам Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен жеке ишкерлерден ыктыярдуу түрдө чогултулган. Анда күнүмдүк керектелүүчүазыкт-түлүктөр, курулушка керектүү материалдар бар. “Мындан сырткары калаадагы мамлекеттик жана муниципиалдык ишканалардын кызматкерлери жабырлануучуларга бир күндүк эмгек акыларын которушкан. Ал жалпысынан 500 миң сом болду. Коңшу өлкөдө болгон табигый кырсыкка кайдыгер карабаган шаар тургундарына ыраазычылык билдиребиз”, - деди З. Аскаров. Эске сала кетсек, Тоолуу-Бадахшан афтономиялуу облусунда июль айынын аягында болгон катуу селден аймактын жашоочулары жабыркап, 2 чакырымжол жарактан чыгып, электр линиялары үзүлгөн. Бир топ турак-жайлар жараксыз болуп калган.

Нету похожих статьей