Кабарлар 6 лет назад

Т.Сариев «Түп-Кеген» жолунун эл аралык мааниси чоң экенин белгилеп, долбоорду тез арада бүткөрүү зарылдыгын билдирди

КРнын Премьер-министр Темир Сариевдин Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Түп районундагы райондук оорукананын Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты менен таанышты. Аталган оорукана имаратынын курулушу 2014-жылы башталып быйыл жыл аягына жалпы сметалык наркы 29 миллион 144 миң сомду түзөт. Премьер-министр Темир Сариев Өкмөт мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объекттерди курууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, бул үчүн Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты сарамжал пайдалануу менен оорукана имаратын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүүгө чакырды. Мындан соң Темир Сариев Түп районундагы «Сүт-Булак» жабык акционердик коомунун иши менен таанышты. Аталган ишкана 30дан ашык адамды жумуш менен камсыз кылып, өндүргөн сүт продукцияларын өлкө ичинде жана Казахстан, Россияга экспорттойт. Темир Сариев “Сүт-Булак” сыяктуу ишканаларга Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыларын билдирип өндүрүштү кеңейтүүгө шарт түзүлөрүн белгиледи. Ошол эле учурда ишкана жергиликтүү тургундардан сырье сатып алууну көбөйтүү менен пландоо аркылуу өндүрүштү көбөйтүү мүмкүн экенин кошумчалады. Андан ары Темир Сариев Түп районундагы «Түп-Кеген» жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Премьер-министр бул жолдун эл аралык мааниси чоң экенин белгилеп, долбоорду тез арада бүткөрүү зарылдыгын билдирди. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат долбоорду тез арада бүткөрүүгө мүмкүндүк бербей турганын билдирген Премьер-министр, каржылоону тездетүү үчүн эл аралык финансылык уюмдарды тартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү мүмкүн экенин айтты. «Учурда түштүк түндүктү бириктирген альтернативдик жол баштаган жолдор шакекчесин куруп жатабыз. Бул жол аталган шакекченин бир бөлүгү болуп, Казакстан, Орусияга каттамды кыскартат.Евразия экономикалык союзунун ичинде бул жолдун мааниси артат» -деди Темир Сариев.

Нету похожих статьей