Кабарлар 6 лет назад

А.Маматалиев чек арадагы чатакты жөнгө салуу үчүн Баткен облусунда жүрөт

Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын райондорунун жашоочуларынын ортосундагы чыр-чатакты чечүү, андан тышкары тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алуу үчүн Баткен облусуна учуп кетти. КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын жүрүшүндө А.Маматалиев окуя болгон жерде коомдук-саясий абал менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрү тарабынан чек арага жакын жашаган элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүчү атайын жумушчу тобу түзүлгөн.

Нету похожих статьей