Кабарлар 6 лет назад

Нарын облусунда шайлоочулардын идентификациясын тестирлөө уланууда

Нарын облусунда биометрикалык маалыматы боюнча шайлоочулардын идентификациясын тестирлөө уланууда. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Анын маалыматы боюнча, бүгүн 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев манжалардын тактары боюнча жарандардын идентификациясынын жүрүшүн жеке өзү текшерүү максатында бул аймакка барат. Нарын облусунда тесттик режимде идентификация процесси 4-августта башталган жана бүгүн жыйынтыкталат. Тестирлөө облустун 165 шайлоо комиссиясы участкасында өтөт. Мындан тышкары, бүгүн Бишкекте биометрикалык маалымат боюнча жарандарды идентификациялоо менен жаңы шайлоо ыкмасынын масштабдуу апробациясы башталат. 8-августа Ысык-Көл облусунда тестирлөө жүргүзүү пландалууда. КРнын 1-вице-премьер-министри Т.Сарпашевдин айтымында масштабдуу тестирлөөнүн биринчи баскычы Кыргызстан боюнча 10-августка чейин жыйынтыкталат. Экинчи баскыч 15-августтан башталат.

Нету похожих статьей