Кабарлар 6 лет назад

Нарындагы селден 370 миң сомдон ашык чыгым келтирилди

Нарын районунда2015-жылдын 3-августунданөшөрлөп жааган жамгыр сел жүргөн. Натыйжада селдин кесепетинен жалпы 33 турак үй жабыркаган деп аныкталды. ӨКМ кызматынын берген маалыматы боюнча, жалпы келтирилген чыгым 372 миң 570 сомду түздү. Калыбына келтирүү иштерине КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Ысык-Көл механизациялаштырылган базасынан 1 экскаватор, 1 самосвал жана Нарын райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылып, Орто-Саз айылынын чыгыш тарабында сел агымынан коргоочу 520 метр канал казылды, турак-жайлардын короолорун жана айылдардын ички жолдорунда жумуштар жүргүзүлдү.

Нету похожих статьей