Кабарлар 6 лет назад

Нарында болгон селдин кесепетинен 33 турак үй жабыркады

Нарын шаарынын аймагында 2015-жылдын 3-август күнү нөшөрлөгөн жамгыр натыйжада, турак жайларга сел агындары кирген.ӨКМ кызматынын билдирүүснө караганда,2015-жылдын 5-августунда сел агындарынын кесепеттеринен келтирилген зыяндарды толук аныктоо иштери Жарандык коргоо комиссия тарабынан жүргүзүлүп, төмөнкү чыгымдар аныкталды: - 3 рейс жүк ташуучу унаа менен алынып келген чөп - 21 000 сом - 3 эчки, 2 улак - 6300 сом. - 2,5 м3 жыгач материалдар, 1500 даана кирпич, 47 даана шифер - 42970 сом; - 0,10 га арпа, 0,32 га табигый чөп аянттары - 2300 сом; - 1080 м3, 200 м. жол кыртышы - 300000 сом калыбына келтирүүгө керектелет. Селдин кесепетинен жалпы 33 турак үй жабыркаган деп аныкталды: Орто-Саз айылы боюнча: IV даража 1 турак-жай; III даража 4 турак-жай; II даража 12 турак-жай. Байгазак айылы боюнча: IV даража 1 турак-жай; III даража 4 турак-жай; II даража 11 турак-жай.

Нету похожих статьей