Кабарлар 6 лет назад

Ош шаарынын автобекети башка жайга көчүрүлбөй калды (Сүрөт)

Ош шаарынын учурдагы автобекетин шаар сыртына көчүрүү коопсуздук маселелеринен улам дагы кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу «Кабарлардын» аймактыккабарчысына Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдрахманов билдирди. \"Ош шаардык кеңешинин депутаттары жаңы автобекеттин коопсуздук чараларын жакшыртып, андан соң көчүрүү милдетин шаардык бийликке жүктөштү\" дейт Абдрахманов.Учурда жаңы автобекеттин жанына курулган май куюучу жайды башка жакка көчүрүп, жаңы автобекеттин айланасын тосуу зарылчылыгы пайда болду. Вице мэр автобекет ушул шарттар аткарылгандан кийин гана көчүрүлө тургандыгын билдирди.Ош шаардык мэриясы калаанын экологиялык коопсуздугунан улам эски автобекетти көчүрүү боюнча чыгарган бир нече чечимдери аткарылбай жатат.

Нету похожих статьей