Кабарлар 6 лет назад

Ошто ажылык сапарга даярдыктар башталды

Бүгүн, Ош облустук мусулмандар казыятында 2015-жылдагы ажылык сапарга тандалган ажы башчыларга жыйын болуп өттү. Жыйында Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов облус боюнча тандалып алынган ажы башчыларга ажылык сапарга болгон даярдыктар боюнча милдеттенмелерди түшүндүрдү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти. Быйылкы ажылык сапарга барууга аз убакыт калгандыктан, ажыга баруучу жарандарды окутуп, үйрөтүү иштерин бардык райондун борборлорунда тез арада баштоо тапшырмалары коюлду. Мындан сырткары ажылык зыяратка баруучу жарандарга ажылык парздын диндеги ордун үйрөтүү керек экендигине өзгөчө басым жасалды. Эскерте кетсек, Ош облусунун аймагынан 2015-жылы 1015 жаран ажылык зыяратка барат жана ажылыкка баруучу 49 жаранга бир ажы башчы жетекчилик кылып, жалпысы облустан 20 ажы башчыга мындай милдет жүктөлөт.

Нету похожих статьей