Кабарлар 6 лет назад

Көк-Жар конушундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 40 000 сом жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 5-августта Кыргызстан мусулмандарынын дин иштери боюнча башкармалыгы Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 40 000 сом өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.Иш чарага КМДБнын иш башкармалыгынын башчысы Эргешов Алимбай, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Эргешов Аким ажы катышышып, жеринде алардын ден соолуктарынан кабар алып кайтты.“Учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы келип түшкөн фитир- садаканы кароого муктаж, жетим-жесирлерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратып берүүдө. Биз фитир-садаканы берген жарандарыбыз үчүн көп-көп дуба кылалы”,-деди Эргешов Аким ажы.Жардамга ээ болгон мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар КМДБга жана жалпы кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, ыракмат айтышты.

Нету похожих статьей