Кабарлар 6 лет назад

Нарында жаандын кесепетинен 10 үй суу астында калды (СҮРӨТ)

Нарын шаарында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен 10 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу, ӨКМнин басма-сөз кызматы билдирет. Алардын берген малыматы боюнча,2015-жылдын 3-августундакатуу жааган жамгырдын кесепетинен Московский чөлкөмүнөн (участкасынан) кыян суулары көчөлөрдүн арыктарынан ташып, Кожомкул көчөсүндө жайгашкан 9 турак үйдүн короосуна жана Зоярка көчөсүндөгү 1 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген. Азыркы учурда Нарын шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүрүүдө.

Нету похожих статьей