Кабарлар 6 лет назад

КМДБ: Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көмөк көрсөтүлүүдө

Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов баштаган казыяттын жамааты 2015-жылдагы орозо-фитирдин эсебинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жетим-жесирлер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана ден-соолугу оор абалдагы бейтаптарга кайрымдуулук жардамдарын көрсөтүүдө. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы билдирди.Кечээ, 4-август күнү аталган топ Ош облустук балдар ооруканасынын онкология жана гематология бөлүмүндө жаткан балдардын ден-соолуктарынан кабар алышты. Облус казысы балдардын абалы менен таанышып, дары-дармек жана башка муктаждыктарына кайрымдуулук иретинде акчалай жардамдарды тапшырды.“Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан бүгүнкү күнгө карата жеке кайрылган жарандарга жана балдар үйлөрүнө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жалпысы 55900 сом материалдык жактан көмөк көргөзүлдү”,-деди облустук казыяттын маалымат бөлүмү.

Нету похожих статьей