Кабарлар 6 лет назад

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз чек арачылары ок чыгарды деген маалыматты төгүндөдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу учурунда кыргыз чек арачылары ок чыгарган эмес. Мындай маалыматты, бүгүн, 4-августтаМамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.Маалыматка ылайык, ок Тажикстандын аймагынан атылган. Саат түшкү 2.25ке карата Баткен облусунун чек арасында абал татаал бойдон калууда. Баткен облустук ооруканасынан азырынча аларга жабыркагандар түшө электигин билдиришти.Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан бир нече адам жаракат алып, ооруканага жөнөтүлгөнүн аталган айылдын өкүлдөрү маалымдаган.Баткен районундагы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара аймагында 3-августта башталган чатактан кыргызстандык беш жаран жарадар болуп, жети үй жабыр тартып жана бир автоунаанын айнеги талкаланган.Чатак Көк-Таш айылынын жашоочулары унаа менен мүрзөгө кетип бара жатканда, Май айылында жашаган тажик бүлөлөрү жолду тосуп алгандан келип чыккан. Ага нааразы болгон кыргызстандыктар, ошол аймакта тажиктер жашаган Чорку айылына кеткен сууну жаап салган. Мындан улам, 120га жакын тажик жарандары жана 80ге чукул кыргыз жарандары чатак учурунда бири-бирине таш ыргытып, урушуп кеткен. Учурда чыр-чатак болгон жерде жамааттар менен өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Укук коргоо органдарынын жана чек ара кызматынын өкүлдөрү абалга көзөмөл жүргүзүп, кырдаал курчуп кетсе биргеликте иш алып барууга даяр турушат.

Нету похожих статьей