Кабарлар 6 лет назад

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 5 кыргыз жараны жаракат алып, 7 үй жабыркады

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 5 кыргыз жараны жаракат алып, 7 үй жабыркады. Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашкандай, учурдачек арадагы абалсалыштырмалуу туруктуу сакталууда. 4-августта түнкү саат 3:00 чамасында кыргыз-тажик жарандары тарап кетишкен. Учурда жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө, -деп билдирет чек ара кызматынан. Алдын ала маалыматтарга таянсак, Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда 3-августта болгон чатакта Кыргызстандын беш жараны ар кандай жаракаттарды алышкан, ошондой эле тополоң маалында жети турак-жай жабыр тартып, бир унаанын айнеги талкаланган. Эскерте кетсек, чатак Көк-Таш айылынын тургундары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда болгон. Уруш маалында 120га жакын тажикстандык менен 80 кыргызстандык бири-бирине таш ыргытып урушкан. \"Чатак Тажикстандын жарандары Көк-Таш айылынын жашоочуларынын унаасын көрүстөнгө өткөрбөй койгондуктан улам келип чыккан. Көрүстөнгө барчу жол тажик үй-бүлөлөрү жашаган Майское айылы аркылуу өтөт. Буга нааразылык катары кыргызстандыктар тажиктердин Чорку айылына барчу каналды жаап салышкан\",-деп маалымдашты Чегара кызматынан. Белгилей кетсек, кечээ 3-августта Баткен областынын Баткен районунун Көк-Таш айылынын жашоочулары менен Тажкистандын жарандарынын ортосунда чатак болуп өткөн.

Нету похожих статьей