Кабарлар 6 лет назад

Нарында сел жүрүп 20 үйгө суу кирип, 4 тонна чөптү агызып кетти (СҮРӨТ)

Нарын районунда катуу нөшөрлөгөн жамгырдан сел жүргөн. ӨКМ кызматынын билдирүүсүнө караганда,Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылында2015-жылдын 3-августунда болжол менен саат 22:00дөн 23:30га чейин 10-15 мүнөткатуу нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен чоң Кара-Коо жана кичи Кара-Коо коктуларынан сел түшкөн. Натыйжада Кара-Коо коктусунда жайгашкан мал сарайдын жанына жыйылган 4 тонна чөптү толугу менен агызып кеткен. Сел агындары Нарын-Ийри-Суу унаа жолундагы көпүрө түтүкчөсүнө батпай унаа жолдун үстү менен агып, 20 турак жайды анын ичинен5 турак жайдын жертөлөлөрүнө кирген жана 1 бала бакчанын короо жайларын сел каптаган. ӨКМ кызматынан маалымдашкандай, учурда кырдаал жөнгө салынып, куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Нету похожих статьей