Кабарлар 6 лет назад

Ошто телевизор чыгарыла баштады

Ош шаарындагы Кыргыз-Кытай биргелешкен \"Жинмей\" заводунун базасында LCD үлгүсүндөгү Hisense сыналгылары чыгарыла баштады. Бул тууралуу ишкана жетекчиси Ли Дун билдирди деп жазат \"Ынтымак\" коомдук аймактык телерадиокомпаниясы. Маалыматта, учурда телевизорлордун мамлекеттик талаптарга ылайыктуулугу текшерүү үчүн Бишкек шаарынажиберилди. Телевизорлордун сапаты Кыргызстандыктарды канааттандырса, завод күн сайын 150 даанадан сыналгы чыгарып турмакчы деп жазылат. Аталган завод былтыртан бери кир жуугуч машиналарды чыгарып иштеп келет. Ачылгандан бери завод чыгарган 5 миң даана аппараттарды Өзбекстанга саткан.

Нету похожих статьей