Кабарлар 6 лет назад

Таласта кутурмадан бир адам каза болду

2-августта Талас ооруканасында кутурмага шектелип жаткан адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар Борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, ал гидрофобия — суудан коркуу оорусунан улам каза тапкан. «Кутурган чөө тиштегенден кийин жабырлануучу өз учурунда дарыгерге кайрылган эмес. Анын кесепетинен гидрофобия оорусу күчөп кеткен. Бул оорунун дарысы азыркыга чейин табыла элек. Эгер ал өз убагында кайрылганда, ага антирабикалык эмдөө жүргүзүлүп, жыйынтык мындай болмок эмес», - деп билдирди Үсөнбаев. Ал мындан тышкары жылына 10 миңдей адам ар кандай жаныбарлардын кол салуусунан жабыр тарта тургандыгын кошумчалады. «Биз дайыма кутурмага каршы шарттуу жана шарттуу эмес курс боюнча антирабикалык эмдөө дайындайбыз. Шарттуу курс бул тиштеген жаныбар белгилүү болсо колдонулат жана аны байкоого алышат. Эгер ал жаныбар өлүп калган болсо шарттуу эмес курс боюнча эмдөө жүргүзүлөт», - деди ал.

Нету похожих статьей