Кабарлар 6 лет назад

Премьер-министр Кыр-Жол айылынын тургундары үчүн турак-жайлардын курулушу менен таанышты (СҮРӨТ)

Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев аталган облустун селден жабыркаган Кыр-Жол айылынын тургундары үчүн турак-жайлардын курулушу менен таанышты Бүгүнкү күндɵ Өкмɵт аянты 90 чарчы метр келген 8 үй курууда, алардын ар-бир чарчы метри 350 АКШ долларына бааланууда. Курулушка президенттин фондунан 11 миллион 800 миң сом бɵлүнгɵн. Премьер-министр бул райондогу жолдорду оңдоону жана жашоочулар үчүн тийиштүү шартты түзүү тапшырмасын берди. Өкмɵт башчы белгилегендей, айылда жаңы кɵмɵкчордон орнотулуп, калк үзгүлтүксүз түрдɵ электр энергиясы менен камсыз болот. Курулуш иштери үстүбүздɵгү жылдын 20-августунда жыйынтыкталышы керек.

Нету похожих статьей