Кабарлар 6 лет назад

Т.Сариев Таластагы «Жерүй» кенин ишке киргизүү пландаштырылып жаткандыгын айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев «Бозумчак» кениндеги Тоо-кен ɵндүрүүчү ишкананы ачууда жакынкы мезгилде Талас облусундагы «Жерүй» кенин ишке киргизүү пландаштырылып жаткандыгын маалымдады. Өкмɵт башчы белгилегендей, мамлекетти ɵнүктүрүүгɵ багытталган ушундай долбоорлорго тоскоолдук келтирүүнү каалаган жактар бар экендигин белгилеп, мындай адамдарды жоопкерчиликке тартуу жагы каралаарын эскертти. «Биздин мамлекет учурда «Тартип, тартип жана дагы бир ирет тартип» деген талаптын алдында иш алып баруусу абзел. Ар-бирибиздин алдыбызда мыйзамдуулукту жана ɵздүк тартипти сактоо милдети туруусу керек, маселенин бул жагына ɵзгɵчɵ кɵңүл бурулуусу тийиш», деди Т.Сариев.

Нету похожих статьей