Кабарлар 6 лет назад

Ошто \"ДЭМ\" журналынын дизайнери Канадада өткөрүлгөн эл аралык сынакта байгелүү алдыңкы орунду ээледи (Сүрөт)

Ош шаарында эмгектенген дизайнер Сүйүн Дастанов Канада мамлекетинин Оттава шаарында өткөрүлгөн Эл аралык дизайнерлер сынагында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу ал өзү \"Кабарлар\" МАнын кабарчысына билдирди. Анын айтымында, аталган сынак \"CorelDRAW\" компаниясы тарабынан уюштурулнган. Сүйүн Дастанов сынакта \"Жарнама жана адистештирилген графика\" номинациясы боюнча Мексика, АКШ, Индонезия, Испания, Бразилия, Орусия, Польша, Украина Индия жана башка бир катар мамлекеттердеги дизайнерлер арасында ат салышкан. Кошумчалай кетсек, аталган сынак on line режиминде өткөрүлгөн. Кыргызстандын атынан катышып, 3-орунду ээлеген С.Дастановго аталган компаниянын продукциясы жана программалоо боюнча китептер белекке берилди. Дизайнер Сүйүн Дастанов 32 жашта. Ал учурда \"ДЭМ\" журналында жана Ош шаарындагы бир катар жеке жарнамалык агенттиктерде дизайнер болуп эмгектенет 2006-жылы \"Сулайман Тоо\" музейинде жеке автордук эмгектеринин көргөзмөсүн уюштурган.

Нету похожих статьей