Кабарлар 6 лет назад

Нарын шаарынын ички жолдорунун ремонту башталды (СҮРӨТ)

Нарын шаарынын ички жолдорунун ремонту башталды. Жолдордун ремонтунун баштапкы ишине Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов катышты. Бул тууралуу,Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. «Премьер-министрдин тпашырмасы менен азыркы учурда жолдордун курулушу жана ремонту боюнча тыкыр көзөмөлгө алуудабыз. Жакында эле Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун курулушун тиешелүү органдардын катышуусунда текшерип келдик. Кээ бир жерлеринде катачылыктар кеткени байкалды жана бул боюнча тапшырмаларды бердик. Ал эми Теңир Тоо жеринин борбору болгон көчөнү «Сармат» фирмасы ак ниети менен убагында бүтүрүп берет деген ишеничтемин»,-деди өз сөзүндө. Тендерден утуп чыккан «Сармат» фирмасынын өкүлдөрү Нарын шаарынын жалпы узундугу 6 км 750 м. (А.Молдоев, В.Ленин, С.Орозбеков, Р.Шуллер, С.Андабеков атындагы көчөлөрдүн) жолдорундагы ремонт иштерин үстүбүздөгү жылдын октябрь айын чейин бүткөрөөрүн убадалашты. КР Президентинин тапшырмасы менен Өкмөттүн буйругу чыгып анын негизинде республиканын облустук борборлору жана шаарларынын ички көчөлөрүн оңдоп түзөө үчүн республикалык бюджеттен 994 млн. 216 миң сом акча каражаты бөлүнүүдө. Нарын шаарынын ички көчөлөрүнүн ремонтуна 58 млн. 700 миң сом бөлүнөт.

Нету похожих статьей