Кабарлар 6 лет назад

Кара-Суу РИИБнын кызматкери пара менен кармалды

Кара-Суу РИИБнын кызматкери телефон уурдоого шектелген жарандан 25 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, милиция кызматкери уурулукка шектелген жарандан ишти кыскартуу үчүн 60 миң сом талап кылган. Милиция кызматкерин Башкы прокуратура менен УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын биргелешкен аракетинин негизинде колго түшүрүлгөн. 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалган кызматкерге \"пара талап кылган\" деген айып менен кылмыш иши козголуп, учурда Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Нету похожих статьей