Кабарлар 6 лет назад

Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын айрым калктуу конуштары айыл категориясына киргизилди

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 25-июнунда кабыл алынган. Мыйзамдын максаты - калк тыгыз отурукташып, тийиштүү деңгээлде калыптанып калган калктуу конуштарды сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарт түзүү, ички миграцияны кыскартуу, ошондой эле мамлекеттин администрациялык-аймактык түзүлүшүн ирээтке келтирүү. Ушул максатта, кабыл алынган Мыйзамга ылайык Ош областындагы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4, Камыр-Суу, Жар-Башы, Чычкан-Кол, Андагүл, Жаңы-Турмуш калктуу конуштары айыл категориясына киргизилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Нету похожих статьей