Кабарлар 6 лет назад

Баткендин эң алыскы Зардалы айылында фельдшердик акушердик пункттун курулушу башталды

Баткен облусунун эң алыскы Зардалы айылында фельдшердик акушердик пункттун курулушу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар \"Кабарлар\" МАнын кабарчысына билдирди. Зардалы айылынын жашоочуларынын айтымында, буга чейин аталган айылда бир да медициналык мекеме жок болгон. Дарыгерге кайрылуу үчүн жергиликтүү жашоочулар 120 чакырымдан ашуун аралыктагы район борборуна барууга аргасыз болушкан. Жол алыс жана татаалдыгынан улам оорулуулар бейтапканага жетпей калган учурлар да көп катталган. \"Айрыкча төрөткананын жоктугу бул жерде жашаган аялдардын негизги көйгөйлөрүнүн бири. 1999-жылдары мен район борборуна жетпей ушул жерде төрөгөнгө аргасыз болгом. Келиндер район борборуна жетпей калган учурда төрөтүнө жардам берейин деген максатта Баткенде ооруканада 4-5-жолу төрөт кабыл алууга катыштым\" дейт Зуура Төлөмүшева. Буга чейин айыл жашоочулары дарыгердин жардамына муктаждык жаралса бул жерде жайгашкан Коргон чек ара тозотунун медицина кызматкерлерине кайрылып келишкен. ФАПка керектүү курулуш каражаттарын Зардалыга жеткирүүгө жол алыс болгондуктан жергиликтүү жарандар жардам берип жатышат.

Нету похожих статьей