Кабарлар 6 лет назад

Нарында жол коопсуздук кызматынын кызматкери “Эл сүйгөн жетекчи” наамына татыктуу болду (СҮРӨТ)

Нарында жол коопсуздук кызматынын кызматкери “Эл сүйгөн жетекчи” наамына татыктуу болду. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МА ИИМдин басма-сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, КРынын “Ардактуу аксакалдар жана айымдар” коомдук бирикмеси тарабынан 2015-жылдын 3-июль КРнын жол көзөмөлдөө кызматынын кесиптик майрамына карата Нарын облусунун аймагындагы айдоочулардан жол көзөмөлдөө кызматынын аткарып жаткан иш аракеттери тууралуу сурамжылоо жүргүзүлүп, Нарын облусунун жол көзөмөлдөө кызматкерлеринин аткарып жаткан иштерине эл жылуу пикирин билдиришкендиктен, 2015-жылдын 29-июль күнү Нарын ОИИБнын жыйындар залында Нарын ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги О.Молдосариевдин катышуусунда Нарын ОИИБнын ЖККнын взводунун командири, милициянын майору Ибраимов Таалайбек Камчыбековичке “Эл сүйгөн жетекчи” наамы төш белгиси менен тапшырылды. Маалыматка ылайык, Ибраимов Таалайбек Камчыбекович Ички иштер органдарында 1988-жылдан бери, ал эми жол көзөмөлдөө кызматында 1992-жылдан бери кызмат өтөп келе жатат.

Нету похожих статьей