Кабарлар 6 лет назад

Ошто курулуп жаткан көпүрөнүн курулуш иштеринин 80%ы аяктап калды (Сүрөтбаян)

Ош шаарында А.Навои көчөсүнө курулуп жаткан көпүрөнүн курулуш иштеринин 80%ы аяктап калды. Курулуш иштери негизинен 3 этаптан турат жана учурда 2-этабы жүрүп жатат. Көпүрөнүн курулушуна жумшалуучу материалдар жергиликтүү ишканалардан сатылып алынып жаткандыктан жергиликтүү бийлик \"көпүрөнүн курулушу Ош шаарынын экономикалык жактан өсүшүнө бир топ салым кошуп жатат\" деген пикирде. Учурда көпүрөнүн жарымына асфальт төшөө аракети көрүлүүдө. Жакынкы күндөрдө көпүрөнүн курулуш иштеринин 3 этабы башталат. Анда көпүрөнүн төрт тарабынан жолдор курулат. Тез жардам кызматы жана өрт өчүрүү кызматы үчүн да өзүнчө жолдор салынат. Кошумчалай кетсек, курулуш иштеринин жалпы сметасы 384 млн сомду түзгөн. Ош шаарынын вице мэри Жапар Ормонов билдиргендей, көпүрөнүн сапаты сапаты 3 орган тарабынан текшерүүгө алынып жатат. \"Автордук надзор деп коет, бул көпүрөнүн долбоорун түзгөн автор. Экинчиси болсо мамлекеттик экотехинспекция кызматы. Мындан сырткары, атайын технадзор алынган. Бул үч орган көпүрө сапаттуу курулушу үчүн көзөмөл жүргүзүп жатат\" дейт Ормонов. Көпүрө ушул жылдын күз айларында пайдаланууга берилүүсү пландаштырылууда.

Нету похожих статьей