Кабарлар 6 лет назад

Ысык-Көлдүн калкынын 93%ы биометрикалык каттоодон өткөн

Кыргыз Өкмөтүнүн 1-вице-премьер министри Тайырбек Сарпашев кечээ биометрикалык маалыматтарды алуунун абалы менен таанышуу иретинде Ысык-Көл областында болду. Биометрикалык маалыматтарды алуу жаатындагы Балыкчы жана Каракол шаарларында өткөн жыйындардан соң ал Ысык-Көл областынын калкына теле көрсөтүү аркалуу кайрылуу менен чыкты. Анын сөзүнөн көрүнүп тургандай областтын калкынын 93 %ы бул күнгө карата биометрикалык каттоолордон өтүп бүтүшкөн. Буга чейин Тайырбек Сарпашев республиканын бардык областтарында болуп, бул маселенин жеринде чечилиши менен таанышып кайткан. Абал азыр өлкөнүн түштүк региондорунда, Таластын айрым райондорунда жана Нарында жакшы. Мүчүлүштүктөр жок эмес. Бирок, аларды чечүүгө болот. Кыргызстан боюнча болсо туруктуу жашап жаткандардын 90%ти биометрикалык каттоодон өтүштү. Эртеңден тартып жарандарды шайлоо участокторунан тестирлөө башталат. Ага ар бир участоктон 100 дөн кем эмес адамдар катышат. Бул саамалык болсо Баткенде күн мурун эле башталган. Биометрикалык маалыматтарды алуу эң ириде коррупция, терроризм менен күрөшүүгө, шайлоочулардын добуштарынын уурдалбашына өбөлгө түзөт. Мурдагыдай бюллетендерди пачкалап салууга жол берилбейт. Карусель деген оору катталбайт. Шайлоочу бир гана участкада өз добушун бере алат. Башка участоктон анын өтүүсүнө техника жол бербейт. Белгилей кетсек, биометрикалык маалыматтарын өлкө боюнча 2 миллион 605 миң адам тапшырышты. Тапшыруучуларга мындан ары дагы эч кандай каршылык жок. Бул иш ырааттуу улана берет. Себеби, дегенде 16 жашка чыккан ар бир жаран паспорт алууга жана андан соң биометрикалык маалыматтан өтүүгө акылуу. Ысык-Көл областы боюнча алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча 241 шайлоо участогу даярдалууда.

Нету похожих статьей