Кабарлар 6 лет назад

Жалал-Абадда терроризмге каршы күрөшүү үчүн \"Тоо тоскоолдук тилкелери\" аттуу машыгуу тилкеси пайдаланууга берилди (Cүрөтбаян)

Жалал Абад облусундагы Көк Жаңгак шаарында жайгашкан №52870 \"Илбирс\" атайын аскер бөлүгүнө \"Тоо тоскоолдук тилкелери\" аталышындагы машыгуу тилкеси пайдаланууга берилди. \"Кабарлар\" МАнын аймактык кабарчысы билдиргендей, машыгуу тилкесинин ачылыш аземине КР Куралдуу күчтөр Генштабынын Түштүк Батыш регионалдык командачылыгынын башчысынын орун басары Талант Эргешов, ЕККУнун өкүлдөрү УКМКнын өкүлдөрү катышышты. Эске сала кетсек, Көк Жаңгак шаарында жайгашкан №52870 \"Илбирс\" атайын аскер бөлүгү мындан 2007-жылы негизделген. \"Тоо тоскоолдук тилкелери\" аталышындагы машыгуу тилкеси тоо шартында машыгууга ыңгайлаштырылып курулган аянтча болуп эсептелет. \"Учурда эл аралык терроризм маселеси менен күрөшүү көйгөйү бул жалпы коомчулуктун маселеси. Аталган тилке \"Илбирс\" атайын бөлүгүнүн аскерлерине тоо шартында машыгып, тоскоолдуктарды жеңүү үчүн кызмат кылат\", дейт ЕККУнун өкүлү Юрий Падун. Иш чара учурунда атайын бөлүктүн аскерлери тарабынан иш чаранын катышуучуларына машыгуудан үзүндүлөр тартууланды.

Нету похожих статьей